Испаниянын "Атлетико Мадрид" футболдук клубунун аргентиналык чабуулчусу Анхель Корреа "Вильярреал" клубуна каршы оюнда талаанын ортосунан гол жаратты.
Ал беттештин 10-мүнөтүндө каршылашынын катачылыгынан пайдаланып, топту тартып алып алыскы аралыктан гол жараткан.
Анхель Корреа муну менен экинчи оюнда катары менен гол киргизди. Ла Лигада анын жалпы 7 голу бар.
Оюн 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.