Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Ходжибаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда мештерди туура эмес пайдалануудан өрт чыгып, турак үй толугу менен өрттөнүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаарынын №20 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 9:55те өрт чектөөгө алынып, толугу менен саат 11:50дө өчүрүлгөн.