Хоккей боюнча улуттук курама команда Евразия чемпиону аталды

Хоккей боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы 20 жашка чейинкилер (U-20) арасында өткөн Евразия Кубогунда биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Ага ылайык, мелдештер 7-9-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргыз өлкөсү, Түркия, Болгария жана Босния-Герцоговиниянын курама командалары катышты.
Бардык командалар бири-бири менен беттешип, Кыргыз курама командасы бардык 3 оюнда жеңүүчү болду.
Алгачкы оюнда Кыргыз курамасы Болгарияны 7:5 эсебинде, жарым финалда Түркияны 7:5 эсебинде жеңген. Ал эми финалдык беттеште Босния-Герцеговиния менен ойноп 5:2 эсебинде биринчи орунду ээледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaraisyn
2022-01-11 07:47:04
Муну жаңылык десе болот, азамат мыктылар!
+1
Jelezo
2022-01-11 08:35:20
Азаматтар, жакшы жаңылык.
+2
zhaynak
2022-01-11 09:20:19
Эми дуйно чемпиону болгула жигиттер. Молодцы.
Спорт каналдардан коруп отуралы келечекте, хоккей боюнча дуйно биринчилигинин финалында Кыргызстан жана Норвегия деп
+1
algakaray
2022-01-11 13:11:01
Кандай кана сонун жанылык
+1
SHUMA6891
2022-01-11 21:18:46
Азаматсынар жигиттер. Алга КЫРГЫЗСТАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан