Казакстандагы баш аламандыкта каза тапкан Кыргыз жараны 32 жашта болгон

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы баш аламандык учурунда каза болгондордун арасында Кыргыз жараны бар экенин ырастады.

Министрликтин маалыматына ылайык, 7-январда Алматы шаарында 1989-жылы туулган А.М. аттуу Кыргыз жараны каза болгондугу тастыкталган.

"Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу маркумдун туугандары менен байланышты. Казакстандын укук коргоо органдары мекендешибиздин өлүмү боюнча тергөө иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары Кыргыз жарандарынын массалык баш аламандыкта каза болгон фактылары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, "Помогать легко" кайрымдуулук фондунун башчысы Динара Аляева социалдык тармактагы баракчасына Алматы шаарында орун алган баш аламандыкта каза болгондордун ичинде Кыргыз жарандары дагы бар деп жазып чыккан.

Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары үчүн ыкчам байланыш телефондору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2022-01-11 14:50:31
А.М деген бала бекен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан