Алматы комендатурасынын маалымат борбору 11-январга карата шаардагы кырдаалдын кыскача маалыматын берди.
Комендатуранын маалыматы боюнча, митингчилерден төмөнкү аймактар тазаланды: Ауэзов, Алатау жана Медеу райондорунун аймактары, Ожет кичи району, Алматы эл аралык аэропортуна жанаша жайгашкан калктуу конуш.
Жалпысынан талап-тоноочулуктун жана башка кылмыштардын 1237 катышуучусу кармалган. 31 ок атуучу курал жана 1428 ок-дары алынган. Өткөрүү пункттарында 38 адам кармалган.
Жалпысынан "102" чалуусуна 608 билдирүү келип түшкөн. Комендатуранын колл-борборуна жарандардан ыкчам чара көрүүнү талап кылган 253 сигнал келип түшкөн.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.