Бүгүн, 11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынына катышып, өлкөнүн премьер-министрлик кызматына талапкерди көрсөтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Токаев саат 11:15те сөз сүйлөйт. Ошондой эле жыйында ал алдыга жылуу боюнча конкреттүү милдеттерди коёт.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.