Бүгүн, 11-январдан тарта Кыргыз-Түрк "Манас" университети аралыктан билим берүүгө өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
"Өлкөдө COVID-19 инфекциясына кабылгандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу университет 11-январдан тарта аралыктан (онлайн) окуу режимине өттү. Эпидемиологиялык кырдаал калыбына келгенге чейин бардык сабактар жана сынактар онлайн уланат. Жатаканада жашаган кыргыз студенттер үйлөрүнө жөнөтүлүп, башка өлкөдөн келген бардык студенттер тесттен өтүшөт. Тесттин жыйынтыгына жараша студенттер карантинге алынат", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн, 11-январга карата өлкө боюнча 348 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы тастыкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, ооругандардын эң көбү Бишкекте катталды.