Чүй облусунда 93 жаштагы аялдын акчасын алдоо жолу менен алганга шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Чүйдүн Москва районунун Ч.М. аттуу 93 жаштагы тургуну шылуундарга акчасын алдатканын айтып арыз менен кайрылган. Анын айтуусунда өткөн жылдын 22-декабрь күнү чоочун адам өзүн ашкана буюмдарын сатуучу катары тааныштырып, 17 миң сомун алып из жашырып кеткен.
Бул окуя боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши ачылып, ыкчам-иликтөө иштери башталган. Анын алкагында шектүү катары 37 жаштагы П.П. аттуу чет өлкөлүк адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.