11-январга караган түнү Ысык-Ата районунун Туюк айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-ата районунун Туюк айылында жайгашкан турак үйдөн түнкү саат 01:32де өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттүн кесепетинен турак үй толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 03:53тө толугу менен өчүрүлдү.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.