Бишкектеги "Манас" эл аралык аба майданынан Түркиянын жаранын уурдоо фактысы боюнча дагы эки адам изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылдын 8-апрелинде туулган Махаматкарим уулу Ниязалы жана 1971-жылдын 26-августунда туулган Матраимов Болот аттуу жарандардын адам уурдоого тиешеси бар экендиги такталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда Махаткарим уулу Ниязалы менен Матраимов Болот изделүүдө.
УКМК төмөндөгү издөөдө жүргөн адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо, 0312 620 585, 0312 660 475, 0312 626 504 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.
Бул адамдар ижарага алынган батирлерде жана мейманканаларда жашырынып, жанында ок атуучу курал алып жүрүшү мүмкүн.
2021-жылдын декабрь айында "Манас" аэропортунан Түркиянын С.Д. аттуу жаранын уурдап, 3 миллион АКШ доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.