"Экөө бычакталган". Москва шаарында кайрадан Кыргыз жарандары катышкан мушташ орун алды

Москва шаарында кайрадан Кыргыз жарандары катышкан мушташ орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мушташ 9-январь күнү эртең менен болуп, ага кыргыз, өзбек жана чечен улутундагы жарандар катышкан.

"Алар мас абалында болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаңжалдын чыгышына анын катышуучуларынын биринин курткасынын чөнтөгүнөн телефон уурдоо аракети себеп болгон. Натыйжада эки адам бычактан алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылган. Аталган жорук Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси менен каттоого алынды", - деп айтылат маалыматта.

Азырынча мушташка канча Кыргыз жараны катышкандыгы тууралуу так маалымат жок.

Тышкы иштер министрлиги учурда бул маалымат такталып жатканын билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ma2as
2022-01-11 11:59:10
Менин жеке ойум . Мектепти эми эле буткон балдарды Россияга цель поездки - иш эмес , частный кылып койсо жакшы болмок , Бийлик Россия менен суйлошуп . Анткени кызуу кандуулук коп алдырышкандар ошолор . 25 жаштан жогору киргизсе деле жакшы болмок .
+5
ali88
2022-01-11 12:12:28
Ушу супер инфо маалыматтарды чыгарбай эле койгулачы.
Кыргыз жарандары катышкан мушташ орун алды деп башында жазып, аягында кыргыздар катышканы боюнча так маалымат жок дебей...
+11
Dembele84
2022-01-11 14:38:19
ali88,Туура айттын
+2
azimova90
2022-01-12 06:10:01
ali88,көк мээ канча кыргыз деп турат окусан кичине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан