Сокулуктун акиминин орун басары Самаган Мурсалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулуктун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды. Мындай чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алды.
Буга дээрлик 2 миллион сом каражат сарпталып курулган мектептин ажатканасынын ачылыш аземи себеп болду. Кечээ социалдык тармактарда жана айрым жергиликтүү маалымат каражаттарында Сокулуктагы мектептердин бирине дээрлик 2 миллион сомго даараткана курулганы жана анын ачылыш аземи салтанат менен өткөнү маалымдалып, талкууланган.