Ырчы Мажит Абдрашитовдун үй-бүлөсүндө наристе үнү жаңырды. Анын жубайы Бермет кечээ, 10-январда борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды.
"Биз үчүнчү ирет ата-эне болдук. Төрөттө келинчегим бир аз кыйналды. Төрөт оңой эмес. Бирок келинчегим оор басырыктуу болгондуктан көп билдире бербейт. Эң негизгиси келинчегиме ыраазымын. Учурда эне менен наристенин абалы жакшы.
Кызыбызга Асия деген ысым ыйгардык", - деп кубанычы менен бөлүштү.
Мажит Абдрашитов чыгармачылыкка кичине кезинен аралашып "Карындаш", "Айдайым", "Жалгыз сен" жана башка ырларды жаздырган.
Мажиттин азан чакырылып коюлган аты - Бекжан. Ал 1995-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 2011-жылы мектепти аяктап, Т.Эрматов атындагы музыкалык колледжине тапшырган. 2003-жылы "Куудулдар жана аялдар" деп аталган концертте пародист катары алгачкы жолу сахнага чыккан.