Бишкектеэ 38 жаштагы киши лифтке кыпчылып каза болду. Окуя бүгүн, 11-январда Улан-1 кичи районунда орун алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы А.К. аттуу жаран коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда лифт белгисиз себептерден улам өз алдынча иштеп кеткени белгилүү болду. Анын кесепетинен эркек киши каза болду. Ымыркай жабыркаган жок.
Жерине 6 куткаруучу тартылды", - дешти министрликтен.