Буга чейин Казакстандагы баш аламандык учурунда каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары бар экенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Анда 32 жаштагы А.М. аттуу Кыргыз жараны 7-январда Алматы шаарында көз жумганын да тастыкташкан.
Тышкы саясий ведомстводон маркумдун сөөгүн алып келүүгө жакындарына уруксат берилгенин билдиришти.
"Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасынан өтүүдө чектөө бар. Казакстандагы баш аламандык учурунда каза болгон Кыргыз жараны А.Мусаевдин сөөгүн мекенине алып келүү үчүн Казакстан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Маркумдун апасы С.Иманходжаевага өлкөгө кирип, чыгууга уруксат берилди", - дешти министрликтин маалымат кызматынан.
Тышкы иштер министрлигинин Казакстандын аймагында жүргөн Кыргыз жарандары үчүн ыкчам байланыш телефондору.