Бишкекте Октябрь РИИБинин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын декабрь айында РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Арызда шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, анын Toyota Rav 4 унаасын алып, андан ары из жашырып кеткен. Унаанын баасы 22 жарым миң доллар болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектүү катары 1961-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалып, ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми Октябрь райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, эки айга камакка алган.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерүүгө алынууда. Кимде-ким сүрөттөгү жарандан жабыркаган болсо, милиция кызматкерлери төмөндөгү номерлер аркылуу байланышууга чакырат.
Байланыш телефону: 0551 900-059 жана 102 кызматы.