Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 6 баш мал уурдоого шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнө 56 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 10-декабрына караган түнү саат 02:00 чамасында үйүнүн короосунда байланып турган жеринен 6 баш малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин, натыйжада 500 миң сомго жакын зыянга учураганын билдирген.
Бул окуя Таш-Көмүр ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Таш-Көмүр милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул окуяга шектүү катары Аксы районунун 30 жаштагы тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Уурдалган мал-жандыктары толугу менен ээсине кайтарылып берилген. Арыз ээси милициянын жасаган аракетине ыраазычылык билдирген.