Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 18-ноябрь күнү Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 20-ноябрда Жалал-Абад облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, кармалган Алибеков Нурсен Замирбекович мурун каракчылык кылмышы менен соттолгон. Ал 2013-жылдын 31-октябрында Ала-Бука районунун Ызар айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Дербишев Наркулдун денесине үч жолу бычак сайып качып кеткени үчүн издөөдө жүргөн. 
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука РИИБинин иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин оперативдик-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкер Алибеков Н.З. кармалып, райондук убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан