Биз социалдык тармакта

Оштогу балдар ооруканасынын жетекчилиги: "40 пайызы бейтап болсо, 60 пайызы аларды коштоп келгендер"

Социалдык тармакка Ош облусундагы балдар клиникалык ооруканасында кезек күткөн бейтаптардын видеосу жарыяланды. Анда кассанын жанында балдарын алып, узун кезекке турган ата-энелерди көрүүгө болот.

Видео бир күн мурда тартылып, ооруканада бош орундар жок экени айтылган. Маалыматты тактоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директорунун биринчи орун басары Адыл Алимкуловго байланышканыбызда бейтаптар үчүн орундар жетиштүү экенин айтты.

"Видеодо оорукананын кире бериши тартылган. Ал жерде касса, кабыл алуу жайы бар. Суукта бейтаптар жана аларды коштоп келгендер дагы кирип ошол жерде турушат. Бизге келгендердин 40 пайызы бейтап болсо, 60 пайызы аларды коштоп келгендер, тагыраагы, атасы, апасы, чоң ата, чоң апасы, таята, таенеси кошо келип алышат. Дарыгерлерге атайын талон менен киришет, коридор, кабинеттерде мындай көрүнүш жок. Ооруган балдар үчүн бардык бөлүмдөрдө бош орундар бар. Айтылып жаткандар чындык эмес. Коштоп келгендерди сыртка чыккыла десек "суукта тоңуп калалыбы" деп кирип алышат", - дейт Алимкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tsunse
2022-01-12 21:17:58
Кудай өзүң сакта оорудан алыс бололу. Негизи бул жерге мен дагы баргам дайыма очередь, Ош боюнча жаш бала көп да. Анан ошо жерге 1 же 2 врач коюп коёт экен. Жаш балдарыбыз не айылдан өздөрү барсынбы жалгыз, ата энеси менен барат да д.л.... көбүраак врач койсоңор очередь болмок эмес. Азыр мамлекет боюнча эң көп Ошто ымыркайлар төрөлөт. Барып калсаң ооруп, ыйлап аткан балаңы көтөрүп 3 саат очередь күтөсүң.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан