Ошто милиция кызматкерин зордуктады деп айыптаган кыз кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, зордукталды делген кыз алдамчылык жана кылмыш тууралуу билип туруп жалган маалымат берген деп шектелүүдө.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын октябрь айында 2006-жылы төрөлгөн кыз түнкү клубдан мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткен адам менен таанышып, андан кийин экөө мейманканага баргандыгы кабарланган. Кыздын айтымында, ал анын эркине каршы зордуктаган.