"Викрам Рузахуновду дароо коргоп чыкты". Орусиялык саясий ишмер Ходорковский кыргыз бийлигин мисалга алды

Орусиялык коомдук жана саясий ишмер, публицист Михаил Ходорковский музыкант Викрам Рузахунов менен болгон кырдаалга токтолду. Ал кыргыз бийлиги өз жаранын казак күч түзүмдөрүнүн колунан сууруп алгандыгы тууралуу пикирин жазды.

"Казакстанда камакка алынган кыргыз музыканты Рузахунов Бишкекке кайтып келди. Кыргыз бийлиги дароо өз жаранынын укугун коргоп: нота жиберип, кылмыш ишин козгоп, медиа өнөктүгүн өткөрүп, акыры аны бошотуп алышты. София Сапега дагы эле Лукашенконун зынданында отурат. Орус жарандары Путин үчүн өз эмес", - деген пикирин калтырган.

Буга чейин Казакстандагы телеканалдардын биринде баш аламандыкка катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kari
2022-01-12 14:58:20
Биздин музыкантар 200$ га митинге озго олкого эмес,озубуздун Кыргызстанга да чыкпайт та.Бештен белгилуу да баарына.А орустардын музыкантын ким билет?
Бийликке да рахмат,коз жумуп койбой,озго улут дебей,Кыргыз жаранын коргоп алды.Россия орустардыкы деген соз бар ээ орустарда,чындап келсе Россияда канчалар улут,калк жашайт.Суйлоордон мурун уялышпайт дагы.
+15
TIMON_BERKOWITZ
2022-01-12 21:02:57
Ходорковскийдин бул сөзү бизге комплимент катары эмес, Путинге тийишүү үчүн айтылган сөз. Так что сүйүнгөнгө негиз жок.
+17
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан