Лейлектин тургуну Ооганстанда өндүрүлгөн 5 килограмм гашишти короосунда катып жүргөн

Баткендин Лейлек районунун жашоочусунун үйүнөн Ооганстанда өндүрүлгөн 5 килограмм гашиш баңги заты табылды. Ички иштер министрлигинен белгилешкендей, баңги заты атайын тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды.

"Баткен-Исфана жолунан К.Э. аттуу жарандын башкаруусундагы Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаага тинтүү жүргүзүлүп, арткы отургучунан Ооганстанда өндүрүлгөн жалпы салмагы 2 килограммды түзгөн баңгизат табылган. Ошол эле күнү Лейлек районунун Арка-2 айылындагы К.Э. аттуу жаран жашаган үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, короосундагы кумга көмүлгөн 3 таңгак гашиш (чарс) баңги заты алынган. Табылган гашиштин жалпы салмагы 5 килограммды түзөт. Кармалган жаран Ош шаарындагы №5 тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешелүү жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан