Бишкекте Toyota Estima унаасы оодарылып, 3 жөө адамды басып кала жаздады (видео)

Унаа оодарылып 3 жөө адамды басып кала жаздаган видео боюнча SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2021-жылдын 23-декабрында болжол менен саат 16:30 чамасында 1991-жылы туулган Ж.Э. аттуу айдоочу Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаа менен Москва көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен түндүк багытка бара жаткан 1993-жылы туулган О.Ү. аттуу айдоочунун башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн.

Бул жол кырсыгынан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жабыркап "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча эки унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда" - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте Toyota Estima унаасы оодарылып 3 жөө жүргүнчүнү басып кала жаздады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurdin060683
2022-01-12 12:57:17
Баардык айдоочуларды, жоо жургунчулорду кырсыктан сактасын.
+3
TIMON_BERKOWITZ
2022-01-12 13:58:35
ПДД боюнча күнөө Мерседесте. Астында жашыл күйсө да, жол бош эмес болсо айдаганга акысы жок. Естима стоп линиядан жашылга чыгып алып, кесилиш жолду бошотуп бергичекти кызыл күйүп калган.
А бирок морально Естимада күнөө. Шашпай эле күтө турса болмок
+1
Mister-XXX
2022-01-13 02:44:19
TIMON_BERKOWITZ,Естима күнөөлүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан