Кара-Сууда катталган жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда жол кырсыгы Лексус РХ 330 жана Киа Рио унааларынын катышуусунда болгон.

"Бишкек—Ош унаа жолунун 640-чакырымында, тактап айтканда Жаңы-Арык айылында 1981-жылы туулган Б.К. аттуу жарандын башкаруусундагы Лексус үлгүсүндөгү унаа чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзүп, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткен. Ошол маалда батыштан чыгышты көздөй келе жаткан Киа Рио үлгүсүндөгү унаа аны сүзгөн. Экинчи унааны 1996-жылы туулган жаран Ж.У. башкарып бара жаткан", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алып, Ош облустук ооруканага кайрылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан