Бүгүндөн баштап Казакстандан ЖККУнун аскерлери чыгарыла баштайт

Бүгүн, 13-январдан баштап коңшу Казакстандан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлери өлкөдөн чыгарыла баштайт. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыда өткөн жыйында билдирген.

"Бүгүндөн баштап ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү өлкөдөн чыгып кете башташат. Мен тиешелүү мамлекеттердин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. Учурдан пайдаланып, контингенттин командачылыгына ушул бир нече күн ичинде аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдиргим келет. ЖККУнун аскерлери Казакстанда, анын ичинде Алматыда болушу биздин өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда абдан маанилүү роль ойноду. Албетте, митингге чыккандардын агрессиясынын мизин кайтаруу үчүн абдан чоң психологиялык мааниге ээ болду. Мен дагы бир жолу өзүмдүн кесиптештериме – мамлекет башчыларына ыраазычылыгымды билдирем", - деген Токаев.

7-январда кыргыз аскерлери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу миссиясына катышуу үчүн Казакстанга учуп кетишкен. Анда Кант шаарынан Казакстанга 150 аскер жана 19 техника жөнөтүлгөн.
Жогорку Кеңеш Кыргыз өлкөсүнүн бейпилдик күчтөрүн ЖККУ аркылуу Казакстанга жөнөтүүнү жактырып, андан соң президент аскер кызматкерлерин жөнөтүү боюнча жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан