Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары «Манас Ордо» улуттук комплексине барып, музейдин экспозициясы менен таанышты. Ал маалымдагандай, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы арада республиканын булуң-бурчунан «Манас Ордого» милдеттүү түрдө экскурсияга келүүчү мектеп окуучуларын жыл бою кабыл алууга жөндөмдүү 200 орундук мейманкана курууга киришүү зарыл.

Мындан тышкары Эдил Байсалов Кызыл-Жылдыз айылындагы Манас райондук дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жакында оңдоодон өткөн имаратынын абалы менен таанышты.

Андан соң ал Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге барды.

Эдил Байсалов мекеменин инфраструктурасын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү жана мекеменин имаратынын курулушун аяктоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан