УКМК тарабынан кармалган Бактыбек Калмаматовдун соттук материалын башка судья карайт

УКМК тарабынан кармалган Бактыбек Калмаматовдун соттук материалын башка судья карайт. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

"Бишкек шаардык сотунда Калмаматовго байланыштуу соттук материал 2022-жылдын 12-январында коюлган. Сот отурумдун курамы жарыялангандан кийин төрагалык кылуучу судья айыпталуучу Калмаматов жана анын үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе экенин билдирген. Мындан улам ал соттук материалды кароодон өзүн четтетүүнү суранган.

Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана жоруктар жөнүндө иштери боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен судья Калмаматовдун соттук материалын кароодон четтетилди. Соттук материал ушул эле сотто бөлөк курамда каралат", - деп жазылат маалыматта.

22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматовду аэропорттон кармап кетти деген маалыматтар тараган. Буга улай эле Калмаматовдун аэропорттон жасаган видео кайрылуусу тараган.

Андан кийин анын жактоочусу Калмаматов 48 саатка УКМКнын СИЗОсуна камакка алынганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rysbekkg-78
2022-01-12 21:49:40
Куноосу жок кишини чырылдатып камап койушту
+1
Jelezo
2022-01-12 22:07:54
Түркмөнстандын жыты жыттанат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан