Касым-Жомарт Токаев Алматыга болгон иш сапарында баш аламандыкта жабыркаган жарандардын абалы менен таанышты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматы шаарына болгон иш сапарында баш аламандыкта жабыркаган жарандардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчы шаардык ооруканага барган.

"Президент жарандардын абалы менен таанышып чыгып, алардын тез сакайып кетишин айткан. Ошондой эле дарыгерлер менен сүйлөшкөн. Коопсуздук күчтөрүнүн бардык жаракат алган кызматкерлерине колдоо көрсөтүлөрү да айтылган. Дарыгерлердин айтымында, тополоңдо жабыркагандардын бардыгына өз убагында медициналык жардам толук көрсөтүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан