Ош шаарынын мэри шаардыктар менен жолугушуусун баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 2022-жылдын бюджетин бекитүүгө чейин ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарга барып, жашоочулардын үнүн угуп чыгат. Алгачкы жолугушуу бүгүн, 12-январда Курманжан Датка аймактык башкармалыгында өтүп, ага тийиштүү жетекчилер, 100гө жакын тургун катышты.
Алгач 2021-жылда аталган башкармалыкта аткарылган жумуштар боюнча отчёт берилди. Шаар башчы жергиликтүүлөрдүн көйгөйүн угуп, жолугушуу суроо-жооп иретинде улантылды.
Курманжан Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында ички жолдордун абалы начар экени, көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жолдордун сапаты, балдар аянтчаларынын жетишсиздиги, тротуарлардын жоктугу, мектептердеги спорт зал, жылуулук, тазалык, канализация маселелери айтылды.
Алмаз Мамбетов бул жылы тротуарларды курууга өзгөчө басым жасала турганын билдирди. Алдыда мында айтылган айрым маселелерди шаар казынасынын абалына жараша чечүү аракети көрүлөт. Ал эми кээ бир көйгөйлөрдү мэрия менен жашоочулар биргеликте жөнгө салуу демилгеси да көтөрүлүүдө.