Бишкекте зордуктоо кылмышына шектелип 2 адам кармалды

Бишкекте зордуктоо кылмышына шектелип 2 адам кармалды. Бул тууралуу 20-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, милицияга 21 жаштагы борбор шаардын тургуну Самара М. Л.Толстой көчөсүндө белгисиз адам зордуктаганын айтып кайрылган. Ленин РИИБинин изилдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын 21 жаштагы жашоочусу Байыс Ж. кармалды. 
 Мындан сырткары 40 жаштагы шаар тургуну Людмила К. белгисиз адам зордуктап кеткенин айтып милицияга кайрылган. Атайын кызматкерлер тарабынан Нарын облусунда туулган 40 жаштагы Марат К. кармалды. 
Аталган эки факты боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан