Чүйдө батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү колго түшүрүлдү

Чүй облусунун Панфилов районунда киши өлтүрүү фактысы катталды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү колго түшүрүлдү.

Белгилүү болгондой, 11-январь күнү болжол менен саат 01:46 чамасында Кайыңды шаарындагы батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшкөн.

"Жерине барган милиция кызматкерлери каза болгон жаран 1988-жылы туулган А.К. экендигин такташты. Жансыз денени кароо учурунда жаракаттар аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 122-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталып, териштирүү иштери башталды. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан