Казакстанда орун алган баш аламандыкта кармалган мушкер Куат Хамитов эркиндикке чыккандан кийин Instagram баракчасына видео кайрылуусун жарыялады.
Мушкер камакка алуу жана ага карата укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн ырайымсыз мамилеси тууралуу видео кайрылуусунда айтып, аягында карьерасын жыйынтыктап жатканын билдирген.
"Мен дагы беш жылдай карьерамды улантып, өлкөнүн даңкын чыгарам деген оюм бар болчу. Бирок бул жагдайдын баары укук коргоо органдарынын катышуусу менен болгондуктан карьерамды токтотууну чечтим. Мен расмий түрдө спорттук карьерамды аяктадым. Мен үчүн жаңы карьера, жашоомдун жаңы барагы башталат", - деди Хамитов.
Буга чейин Куат Хамитовдун 10 ОМОН тарабынан сабалганы кабарланган.