Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен өрт чыгып, бир адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бөлмөнүн ичиндеги тиричилик буюмдары күйдү.
"Өрт саат 20:19да толук өчүрүлүп, куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачып беришти. Кырсыктын кесепетинен 67 жаштагы Т.Р.И. аттуу эркек киши иске ууланып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - дешти мекемеден.