Футбол: Белгилүү футболчу Муролим Ахмедов "Нур-Баткен" клубуна кошулду

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Муролим Ахмедов "Нур-Баткен" футболдук клубуна кошулду. Мындай маалыматты баткендик клубдун басма сөз кызматы кабарлады.

"Муролим Ахмедов “Нур-Баткен” клубу менен келишим түздү. Муролим көп убакыт Оштун “Алай” командасында оюн көрсөтүп келген. Алай клубу менен үч жолку Кыргыз Республикасынын чемпиону аталган. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнүн мыкты футболчусу болуп табылган", - деп билдиришти клубдан.

Муролим Ахмедов былтыркы сезонду Бангладештин "Бангладеш Полис Клаб" клубунда өткөргөн.

Эскерте кетсек, "Нур-Баткен" клубу быйыл Кыргыз Премьер-Лигасында" ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан