Казакстандын прокуратурасы массалык баш аламандыктагы маалыматты чогултуу үчүн атайын сайт ачты

Казакстандын башкы прокуратурасы казакстандыктардын жардамы менен массалык баш аламандыкта болгон кылмыштардын далилдерин чогултуп, каттайт, ошондой эле кылмышкерлерди аныктайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Башкы прокуратурасы өлкөдөдөгү массалык баш аламандыктар боюнча массалык маалымат каражаттарынын материалдарын чогултуучу атайын сайт ачкан.

Сайтка жарандар анонимдүү түрдө 2022-жылы Казакстанда болгон массалык баш аламандыктар тууралуу видео, сүрөт жана аудио жазууларды жүктөй алышат.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетти. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан