Аксыдагы 6 адамдын өмүрүн алган уулануу: Сот айыпталуучуга чечим чыгарды

Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту Кара-Суу айылында спирттен ууланып каза болгон алты кишинин иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттун маалымат кызматынан билдиришти.

"Аксы райондук сотунун 2021-жылдын 14-декабрындагы өкүмү менен айыпталуучу Э.Б. күнөөлүү деп табылып, бир жылга чейинки мөөнөткө пробациялык көзөмөл (үй камагы) дайындалган.

Аксы райондук сотунун 2021-жылдын 14-декабрындагы өкүмү менен жабырлануучулар жана мамлекеттик айыптоочу макул болушпай апелляциялык даттануу менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө элек", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

2021-жылдын 2-март күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагындагы ашканага Кара-Суу айыл аймагынын 1956-жылы туулган Э.Б. аттуу тургуну буюртма берип, өзүнүн жакын туугандарына 23-февраль жана 8-мартка карата майрамдык кече өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Кечеге Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынан турган 15 чакты адам чакырган. Чакырылган жерге 19 адам барган. Ал жерде туугандар өз ара майрамдап отурушкан. Отурган жеринде тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген. Отуруштан болжол менен саат 16:30да тарап кетишкен.

Эртеси, 3-март күнү кечинде болжол менен саат 23:00 чамасында отурушка баргандардын алтоо Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилген жана ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлүп, абалдары оор болгондуктан, Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн.

Алардын үчөө жолдо, үчөө ооруканага келген соң каза болушкан.

SUPER.KG порталы жакындарын жоготкон тарапты, кечени уюштурган делген аялды жана тиешелүү мекемелерди угуп, репортаж даярдаган.

6 адамдын өмүрүн алган уулануу боюнча экспертиза дайындалган болчу. 4 айдан соң экспертизанын жыйынтыгы чыкканы жазылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aksy.1989
2022-01-13 20:03:14
Пулун болсо кулунмун деген экен да соттор дагы . Бурулкан Эргешова деп жаза бергиле да жашыра бербей Алмаз Эргешов депутат болбой калдыго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан