Жалал-Абадда 3 адам ооруканага уурулукка киришти. Эмнелер уурдалган?

Жалал-Абад облустук ооруканасына уурулукка киргенге шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Жалал-Абад облустук ооруканасынын жетекчиси Кумарбек Ботокараев арыз менен кайрылган. Арызда 7-январга караган түнү облустук оорукананын администрациясынын эшигин белгисиз кылмышкерлер бузуп кирип, бөлмөдөн 4 даана ноутбук, 1 даана термос, сейфтин ичинде турган 15 унаанын документтерин, 4670 литр бензиндин жана 2330 литр солярканын талондору уурдалганын билдирген.

Натыйжада облустук оорукана ири өлчөмдө материалдык зыянга учураган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБинин жана Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну кармалган. Шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jibani
2022-01-14 00:51:20
Ооолуп калгыла баары бутуп уурдай элек больница калдыбы?
+5
didu
2022-01-14 09:49:37
Сакалдын баркын кетире турган болдунар жетимдер
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан