Бишкекте шаар тургунунун акчасын күч колдонуп тартып алганга шектелип эки жаран кармалды

Бишкектин Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык фактысына шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, борбор калаанын тургуну белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызда аны көчөлөрдүн биринде шектүүлөр физикалык күч колдонуу менен 15 миң сом акча каражатын ээлеп, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Аталган факты Свердлов РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши козголгон.

Териштирүү иштеринин натыйжасында шектүү катары 2002-жылы туулган Э.С. жана 2001-жылы туулган А.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан