Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев орусиялык "Голос" долбоорунун 10-сезонунун жеңүүчүсү Александр Волкодав менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Айбек Жунушалиев Александр Волкодавды жеңиши менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун финалына төрт катышуучу өткөн: Кыргыз өлкөсүнөн Александр Волкодав, казакстандык Алишер Каримов жана Ернар Садирбаев, ошондой эле Орусиянын атынан Элина Пан катышкан. Финалдын башында катышуучулардын ар бири өз насаатчылары менен бирге ыр аткарышкан. Александр Волкодав Пелагея менен бирге голландиялык ырчы Дункан Лоуренстин популярдуу ырын аткарган. Андан соң Сергей Трофимовдун «Казачья» аттуу ырын ырдаган. Ал эми жыйынтыктоочу этапта «Луч солнца золотого» чыгармасын аткарган. Калыстардын чечими менен Кыргыз өлкөсүнөн барган ырчы долбоордун жеңүүчүсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.001
2022-01-13 21:32:19
Мэрдин фамильдари
0
surgeon777
2022-01-13 23:18:45
Азаматсын Александр! Так Жаны Жыл куну сюрприз кылгансын баарыбызга,биздин жигит женди деп кубандык.Адилет Жумабеков да достойно катышты.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан