реклама
super.kg logo

Санкт-Петербургда 18 жаштагы Кыргыз жараны бала бакчанын чатырынан кулап кетти

 

Санкт-Петербургда Кыргыз жараны бала бакчанын чатырынан кулап кетти. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги тарабынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү 2004-жылы туулган Кыргыз жараны Б.Ж. бала бакчанын чатырын кардан тазалап жатканда кулап кеткен. Ал көптөгөн жаракаттар менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, анын абалы оор деп бааланууда, келе жаткан аптада анын жамбаш сөөгүнө операция жасалат.

Ошондой эле элчиликтен учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184532;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: