Сокулук районунун Новопавловка айылында унаанын аккумуляторун уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Новопавловка айылынын жашоочусу С.К. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 3-декабрь күнү анын жүк ташуучу автоунаасынын аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган Д.М. жана М.А. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында шектүү жарандардын Чүй облусунун аймагында дагы ушул сыяктуу 20 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.