
Баткенде унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, саат 08:04тө Кадамжай районунун Халмион айылындагы "Баяман" базарынын унаа токтоочу жайда турган Портер үлгүсүндөгү авто унаа өрттөнүп жатканы кабарланган.
"Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган. Саат 08:42де өрт чектөөгө алынып, саат 08:47де өрт толугу менен өчүрүлдү.
Жабыр тарткандар жок. Өрттүн себеби такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.