Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча суракка чакыртылды. Ал сурактан чыккан соң күбө катары чакырылганын айтты.
"2009-жылы чек ара маселеси боюнча иш козголгон экен. Күбө катары чакырылдым. Дагы суракка келем", - деп билдирди Мадумаров.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатканын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришкен.