Чүй районунда энеси таштап кеткен ымыркай табылды. Бул
тууралуу 20-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз
кызматы билдирди.
Мекеме “Чүй районунун Шамшы айылында белгисиз
адамдар 64 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнүн жанына жаңы төрөлгөн баланы
таштап кетишкен. 6-7 жумалык баланы дарыгерлер карап, үй шартында төрөлгөнүн
айтышкан. Баланын денесинде жаракаттар жок, ден соолугу канааттандырарлык”,- деп
айтылат.
Аталган факты боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат.