Казакстандагы митингдер: Тараздагы баш аламандыкта Орусиянын жараны каза болду

Казакстандын Тараз шаарындагы тополоңдо Орусиянын жараны, үч баланын энеси каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Казакстандагы элчилигинен билдиришкенин орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран 1965-жылы туулган. Ал 6-январда Тараз шаарындагы тополоңдо каза болгон. Анын артында үч баласы калды.

Өз кезегинде Орусиянын элчилиги Казакстандын укук коргоо органдарына кылмышты тыкыр жана ар тараптуу иликтөө зарылчылыгы тууралуу кайрылуу жолдогон.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жетип, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан