Бишкектен индус түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылды. Ал Кыргыз жараны болгон

Бишкектен индус улутундагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

"Бүгүн, 14-январда саат 12:30да Свердлов РИИБине Ибраимов көчөсүндө белгисиз адамдын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБинин тергөө ыкчам тобу барып, денеге сырттан кароо жүргүзгөндө зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Ал 1962-жылы туулган Б.С. аттуу индус түспөлүндөгү Кыргыз жараны экендиги аныкталган. Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына катталып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zam81
2022-01-14 20:55:54
Индустарын кыргыз болуп жатса калганына тан калбай эле койолу
+7
KaGaH
2022-01-14 21:02:11
Кыргыз паспорт оңго солго сатылып,күнү кетти чиркин!
+3
Baktiyar731
2022-01-14 21:17:11
Индустар Кыргыз жараны, уйгурлар 3 жылда эле ЖКга депутат болуп жатат, биз кандай мамлекет болдук, УКМК ушундайларды карабайбы?!
+8
Lev79
2022-01-15 12:33:29
Baktiyar731,Ташиевтин күчү бир эле Орозайымга эле жетет.
0
KG_CH
2022-01-14 22:47:29
Ушул паспорт бере турган жерди катуу козомолдосо бобойбу? Катуу, улутчул, эмгекчил киши иштесе жакшы болмок. Башка мамлекеттин паспортун алуу кандай кыйын, бизде бираз акча берсе эле бере берет. Мисалы менин таанышым кытайга чыккан, кытайда турушат, эки баласы бар. 7-8 жыл болуп калды го, эмдигиче паспорт берилген жок.
+5
Tursunbaev1978
2022-01-14 23:37:19
KG_CH,Кытайда бербейт паспорт,70-80 жыл жашасада
+1
Jaka1978
2022-01-14 23:00:34
Паспортту,дипломду оюнчук саткандай эле сатышат го,эмне дээр нди да билбейсиң
+6
Tursunbaev1978
2022-01-14 23:38:44
Кийинки шайлоодо индус,пакистандык же дагы бир чет өлкөлүк,кара терилүү адам депутаттыкка койсо таң калбайм
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан