Тараздагы тополоңдо Орусиянын жаранынын каза болушу: Анын өмүрүнүн акыркы сааттары тартылган видео жарыяланды

Казакстандын Тараз шаарында тополоңдо каза болгон 26 жаштагы орусиялык Мария Ким иштеген "Discovery" кафеси анын өмүрүнүн акыркы сааттарын чагылдырган видеону жарыялады.

Алгач Орусиянын Казакстандагы элчилиги Алматы шаарындагы башкы консулдугуна кылмыш аял иштеген жеринен чыгып бараткан учурда жасалгандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген.

Маалыматка ылайык, шаарда тополоң башталганда кызматкерлер кафенин ээсинен алар үчүн унаа жөнөтүүнү суранышкан, бирок ал баш тарткандыгы айтылды. Каза болгон аял кафени өзү жабууга аргасыз болуп, ошол маалда мародёрлор ага кол салышкан.

Бирок мекеменин өкүлдөрү кырсык болгон күнү кечинде кызматкерлерди унаасы менен үйлөрүнө алып кетишкенин айтышууда.

"Саат 18:54тө Мария биздин унаанын алдыңкы орундугуна отурду. Аны ошол күнү кечинде кызматкерлер алып кетишкен. Саат 23:00дөр чамасында биз Мария жандандыруу бөлүмүндө экенин билдик", - деген кафенин кызматкери.

Казакстанда каза болгон Орусиянын жаранынын акыркы видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ErkinOkenovich
2022-01-15 10:36:04
Суперчилер видеонорду ондоп койбойсунарбы иштетип, болбосо чыгарбагыла видео иштебегенден кийин эмне кереги бар.
+5
JaneEr
2022-01-15 10:50:19
ErkinOkenovich,иштеп корсотуп эле жатат
+6
Zhoro
2022-01-15 12:46:34
Видеоңо...
0
Rusbayastan
2022-01-15 12:49:21
Соонун эле корсотуп жатат
+2
Goodyer
2022-01-16 16:38:27
Бул кызды атайы ээле олтурушконбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан