Кечээ, 14-январда Чек ара кызматынын чек арачылары Баткен облусунда чек арадан мыйзамсыз жүк ташуу жана өткөрүү фактыларын токтотту. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Лейлек районунда чек ара тозотунун кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган М.И.нын башкаруусундагы Volkswagen Crafter үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын айдоочусу Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга тиричилик техникаларын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган", - деп билдиришти УКМКдан.
Ушул эле күнү Баткен районунун Кара-Бак айылында Кыргыз жараны Тажикстан жаранынан 30 куту мандаринди алып жаткан жеринен кармалган. Ошол учурда Тажикстан Республикасынын жараны чектеш аймакка из жашырууга үлгүргөн.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жүк соттук териштирүү үчүн чек ара заставасына жеткирилген.