Бүгүн, 15-январга караган түнү саат 03:00 чамасында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
"15-январда болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа болжолдуу түрдө Ч.Айтматов көчөсү менен түштүк багытты көздөй бара жатып, А.Масалиев көчөсүнө жетпей жол жээгиндеги бакты сүзүп, жол кырсыгына кабылган.
Бирок айдоочу окуя болгон жерден кетип калгандыгы белгилүү болгон", - деп билдирди Милициянын кайгуул кызматы.
Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, унаанын айдоочусун аныктоо жана жол кырсыгынын келип чыгуу себептерин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.