Казакстандагы митингдер: Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы жогорку кызматтан бошотулду

Казакстандын "КазТрансОйл" магистралдык мунай куруу боюнча улуттук операторунун жетекчиси Димаш Досанов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Досановдун башкы директору жана директорлор кеңешинин төрагасы катары ыйгарым укуктары 14-январдан тарта токтотулган. Ал жумуштан өз каалоосу менен кеткен.

Димаш Досанов Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаеванын күйөөсү.

Буга улай эле Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын күйөөсү болгон "КазТрансГаз" башкармалыгынын төрагасы Кайрат Шарипбаев кызматтан алынганы белгилүү болду. КазТАГ агенттигинин маалыматына ылайык, Досанов менен Шарипбаевди ээлеген кызматынан бошотуу чечимин директорлор кеңеши кабыл алган.

Буга чейин Казакстанда орун алган баш аламандыкта Нурсултан Назарбаевдин кызы Динара Назарбаева жана анын күйөөсү Тимур Кулибаев 200 миллион доллар чыгымга учурагандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Datka7777
2022-01-15 16:44:29
Дарига дагы эрге тие калды беле?
0
PFC-CSKA
2022-01-15 17:06:58
Ушулардын айынан канча бейкуноо адамдар олуп кетти ушул КазТрансОйл менен КазТрансГаз бааны которбогондо тынч эле болмок Казахстанда а бул кан ичкичтер жумушунан четтегенине кайгырып жатса керек уялбай.
+4
Datka7777
2022-01-16 04:00:19
PFC-CSKA,воооот иттин олугу каякта жатат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан